Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:57

ЮКОС мунай компаниясынын иши боюнча сот процесси улантылды


Россиянын маалымат агенттиктери кабарлагандай, ЮКОСтун жетекчиси Михаил Ходорковский компаниянын береселерин төлөп берүү үчүн өзүнүн акцияларын өткөрүп берүү сунушун кайталады. Бир нече күн мурун сот ЮКОС 2000-2001-жыл үчүн дээрлик 7 миллиард доллар салык төлөсүн деген чечимин чыгарып, өткөн шаршембиге чейин убакыт берген эле.
Ходорковский компаниянын 44 пайыз акцияларына ээ.
Россиянын эң бай адамы деп саналган Ходорковский былтыр октябрда камакка алынган. Ага салыктарды жашырган жана салык документтерин бурмалаган деген айып тагылууда. Ходорковский менен кошо сот жообуна компаниянын дагы бир акционери Платон Лебедев тартылууда.
ЮКОСтун жаңы аткаруучу жетекчиси Стефен Тииди болсо компаниянын карыздарын төлөп берүүгө 3 жыл берүүнү сурады.

XS
SM
MD
LG