Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:35

Тоолуу аймактагы айыл өкмөттөрү Таласта жыйын курушту


ТАЛАС. Тоолуу айылдарды өнүктүрүү долбооруна тартылган Кыргызстандагы айыл өкмөттөрүнүн өкүлдөрү Таласта тажрыйба алмашышты. Тажрыйба алмашуу Манас районундагы Кайынды айыл өкмөтүнөн башталды. Бул жерде беш айылдын жашоочулары ар кыл багытта иш жүргүзө турган отуздан ашуун жамаат түзүп, иш жүргүзүп келишет. Тоо жергесинде азыр өздөрүнүн кредит берүүчү агентствосу, Интернетке чыгуу борбору бар. Тал-теректин бутактарынан, чийден токуп жатышкан буюмдары, кийиз, кайыш, мүйүздөн жасалган белектери кошумча киреше берүүдө. Ал эми Талас районундагы Көпүрөбазар айылындагы тажрыйба алмашууда буудай бышпаган жерде тоолуктар картошка өстүрүүнүн устаттары болуп калышканын көрсөтүштү. Төрт жылга эсептелген бул долбоорду Улуу Британиянын Эл аралык өнүгүү министрлиги каржылайт. Долбоорго Чүй, Ош, Талас облустарынын бийик тоолуу алты айыл өкмөтү тартылган.

XS
SM
MD
LG