Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:38

Бейөкмөт уюм БУУнун Өнүгүү программасынын долбоорун жактабайт


БИШКЕК. «Атуулдук коом коррупцияга каршы» бейөкмөт уюмунун төрайымы Төлөкан Исмаилова бүгүн БУУнун Өнүгүү программасынын «Шайлоо процесстерин уюштуруу менен өткөрүүдө улуттук мүмкүнчүлүктү күчөтүү» аттуу долбооруна байланыштуу Өнүгүү программасынын Кыргызстандагы туруктуу өкүлү Ежи Скуратовичке кат жолдоду. Анда долбоор коррупциялашкан жана ар бир өңүтү дыкат ойлонулган эмес деп билдирип, аны ишке ашырууда жарандык коом сыртта калаарын белгиледи. Ушундан улам долбоор кайрадан талкууга алынып, ага укук коргоочулар, көз карандысыз маалымат каражат өкүлдөрү жана шайлоону калыс өткөрүүгө далалат кылып жаткан оппозиция өкүлдөрү тартылат деген ишенимде экендигин билдирди.

XS
SM
MD
LG