Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Июнь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:06

Кыргызстан менен Европа Биримдигинин кеңеш жыйыны болот


БИШКЕК. Эртең Бельгиянын борбору Брюссель шаарында Кыргызстан менен Европа Биримдигинин ортосундагы кызматташуу боюнча кеңештин алтынчы отуруму болот. Ага катышуу үчүн Кыргызстандын вице-премьер министри Уларбек Матеев баштаган делегациясы жөнөп кетти. Тышкы иштер министрлигинин Европа башкармалыгынан алынган маалыматка караганда, отурумдун күн тартибинде адам укуктарын коргоо, эл аралык терроризмге каршы күрөшүү, экономикалык өнүгүү жаатында кызматташуу боюнча жети маселе коюлган. Отурумда жыйынтыктоочу эч кандай документ кабыл алынбайт.

XS
SM
MD
LG