Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:30

Тест сынагынын жыйынтыгы жакшыбы?


БИШКЕК. Быйылкы жылы жалпы республикалык тест сынагына катышууга 39.670 абитуриент катталып, 38.789у сынактан өттү. Ага кыргыз тилинде сүйлөгөн 26 миң, орус тилинде сүйлөгөн 10 миң 71 жана өзбек тилиндеги мектепти бүткөн 1923 адам катышты. Жыйынтыгында 55 абитуриент жалпы республикалык тест сынагынын жеңүүчүсү болушту. Быйыл бюджетинен жогорку окуу жайларынан окуу үчүн 5200 орунга грант берилди. Бул тууралуу Билимди баалоо жана окутуу усулдары борборунун директору Инна Валькова бүгүн маалымат жыйынында билдирди. Анын айтымында, аталган борбор биринчи жолу өз алдынча жалпы республикалык тест сынагын ийгиликтүү өткөрдү. Буга чейин тест жүргүзүүнү АКШнын АКСЕЛС корпорациясы өткөрүп келген. Кыргызстанда жогорку окуу жайларына кабыл алуу үчүн тест чынагы 2002-жылдан бери жүргүзүлөт.

XS
SM
MD
LG