Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 02:22

Баткенде мектепти таштап кеткен мугалимдердин саны көбөйдү


БАТКЕН. Облустук билим берүү башкармасынан 13-июлда алынган маалыматка караганда, өткөн окуу жылынын башында облустун мектептеринде 253 мугалим жетишпеген болсо, окуу жылынын аягында бул көрсөткүч үч эсеге көбөйгөн. Буга эмгек акынын аздыгынан көпчүлүк мугалимдердин жакшы төлөнчү жумуш издеп, Орусиянын шаарларына кетип калышы же маянасы көбүрөөк башка тармактарга өтүп кетиши себеп болгон. Маселен өткөн окуу жыл ичинде эле облустагы мектептерден 430 мугалим кеткен. Облуста негизинен чет тилдери, физика, математика жана информатика сабактары боюнча мугалимдер жетишпейт. Мындай жетишпестикти жоюу үчүн облустук билим берүү башкармалыгы өлкөнүн илим, билим министрлигине жаңы окуу жылы үчүн 664 мугалим сурап кайрылды. Ушундай эле өтүнүч педагогикалык адистерди даярдаган өлкөдөгү жогорку окуу жайларга да жолдонду.

XS
SM
MD
LG