Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:30

Суусамырда “Азия-1” тибиндеги шарп ылаңы катталды


БИШКЕК. Суусамыр өрөөнүндө бодо малдын жугуштуу шарп ылаңынын “Азия-1” тиби катталды. Аны менен ооруган малдар дарыланып, аз күндө “карантин” жарыяланат. Мындай маалыматты бүгүн Республикалык ветеринардык кызматынан билдиришти. Буга чейин Кыргызстанда ветеринардык кызмат "А", "О" тибиндеги шарп ылаңы менен күрөшүп келген. “Азия-1” тибиндеги шарп ылаңы буга чейин өлкө аймагында катталган эмес. Бул ылаң Пакистандан Тажикстанга өтүп, Тажикстандан жана Өзбекстандан сатылып алынган мал аркылуу Суусамыр өрөөнүнө тараган деген божомол бар. Адистердин айтымында, мындай жугуштуу дарт Түштүк-чыгыш Азияда, Индия, Пакистан жана Таиланда катталган.

XS
SM
MD
LG