Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Март, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:47

Улуттук коопсуздук кызматы маалымат таратты


БИШКЕК. Бүгүн Улуттук коопсуздук кызматы билдирүү таратып, анда ушул айдын тогузунда Тажикстандын Исфара шаарында кармалган Эсенаалы Тургунов Улуттук коопсуздук кызматында эч качан иштеген эмес деп билдирди. Ал билдирүүгө караганда, Эсенаалы Тургунов СССРдин Куралдуу күчтөрүнүн полковниги болгон жана ал 1991-жылы аскердик кызматтан кеткен. «Ал тажикстандык милициялар кармаган кезде өзүн Улуттук коопсуздук кызматынын мурдагы кызматкеримин деп жалган маалымат берген» деп айтылат маалыматта. Улуттук коопсуздук кызматы Тургуновдун бизге эч кандай тиешеси жок экендигин жарыя кылды.

Ушул айдын тогузунда Тажикстандын Согди облусунун Исфара шаарында 250 килограмм сымапты сатуу үчүн алып бараткан кыргызстандык төрт атуул кармалган. Анын экөө Чегара кызматынын Хайдаркендеги отрядынын техниги жана айдоочусу, бири Кадамжай районунун тургуну жана мурдагы аскер кызматкери Эсенаалы Тургунов экендиги кабарланган.

Чегара кызматынын коопсуздук башкармалыгынын бир тобу Тажикстанда чегарачылар кандай жагдайда кармалгандыгын иликтеп жатат. Мындай маалымат чегара кызматынан алынды.

XS
SM
MD
LG