Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:39

Азербайжанда абакта отурган 7 оппозициячы 3 күндүк ачкачылык жарыялашты


Бул тууралуу “Үмид” партиясынын лидери Икбал Агазаде Баку шаарынын сотунда билдирди. Агазаде менен дагы алты киши былтыр октябрда президенттик шайлоодон кийин коомдук толкундоолорго тукурган деп айыпталууда.
Агазаде начар шартта кармалганын, сот алардын далилдерине көңүл бурбай жатканын да айтты.

Баш прокурор Назир Байрамовдун ырастоосунда, күнөөлөнүп жаткандар ачкачылык акциясы менен өздөрүнүн саясий максаттарын көздөөдө.
Айыпталгандардын арасында “Мусават”, “Үмид”, Демократиялык партиянын мүчөлөрү жана башка активисттер бар.

Дүйнөлүк соңку жаңылыктарды Прагадан Айнура Жекше кызы даярдады.

XS
SM
MD
LG