Кандагар вилайетинин расмий өкүлү маалымдагандай, өткөн түнү талип согушкерлери полициянын кеңсесине кол салып, имаратка өрт коюшкан. Натыйжада, жергиликтүү полициянын башчысы курман болду.
Газни чөлкөмүндө болсо полиция жетекчиси менен айдоочусу буктурмага кабылып, набыт болушту.
Жекшемби күнү гератта бомба жардырылып, кеминде 5 киши мерт кеткен. Вилайеттин полициясы бүгүн билдиргендей кол салууга тиешеси бар деп шектелген 3 киши кармалды.
Анын аралыгында, БУУнун качкындар агенттиги маалымдагандай, Канада Кыргызстанда баш калкалап жүргөн оогандык 525 качкынды кабыл алууга даяр экенин билдирди. Качкындар боюнча жогорку комиссардын басма сөз өкүлүнүн маалыматына ылайык, Кыргызстанда дагы 100дөй оогандык качкын калат.