Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:53

Бангкогдо СПИД боюнча эл аралык конференция өз ишин улантууда


БУУ менен АКШ Сахаранын түндүк аймагында ата- энелери СПИДден көз жумган жетим балдардын саны 2010-жылга карай 18 миллионго жетиши мүмкүн деген кооптонуусун билдиришти.

БУУнун СПИД агенттиги, ЮНИСЕФ жана Кошмо Штаттардын ЮСАИД агенттиги биргелешип даярдаган отчет бүгүн жарык көрдү. ЮНИСЕФтин аткаруучу директору Кэрол Белламинин ырастоосунда, дүйнөдө ошондой жетимдердин саны 2001-жылы 11,5 миллионду түзсө, былтыр 15 миллионго көбөйдү. Алдыдагы 6 жылдын ичинде болсо дагы 3 миллионго өсүшү ыктымал. Отчетто жетим деп ата-энесинин бирин жоготкондор да таанылат.

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун СПИД боюнча координатору Жим Ким болсо дартка чалдыккандарды айыктыруу үчүн эффективдүү дары табылбай жатканын белгиледи.

Ушул эле күнү эртең менен БУУнун баш катчысы Коффи Аннан Вашингтонго кайрылып, СПИДге каршы глобалдуу күрөштү жетектөөгө чакырды. Бул үчүн АКШнын ресурстары жетиштүү. Алар терроризм жана массалык кыргын салуучу куралдарга каршы багытталат. Бирок эпидемия да, курал сыңары, миңдеген адамдын өмүрүн кыйып жатат, деп кошумчалады Аннан.

23 жылдын ичинде дүйнөдө 20 миллиондой киши СПИДден ажал тапты. 38 миллионго жакын киши ВИЧ-инфекциясына чалдыккан.

XS
SM
MD
LG