Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:59

Талас облусунун ички иштер башкармалыгы алты айдагы ишин жыйынтыктады


ТАЛАС. Быйылкы жылдын жарым жылдыгында 469 кылмыш боюнча тергөө жүрүп, 380 кылмыштын бети ачылган. Өткөн жылдын алты айында 306 иш сотко ашырылса, быйыл 282 гана иш сотко өткөн. Жарым жылдыкта уурдалган малдын 36 пайызы гана ээлерине кайтарылып, калганы бүт бойдон Жамбул шаарына кирип кетип жаткандыгы моюнга алынды. Облустук башкармалыктын начальниги Каримбердиев андан ары наркобизнес, экономикалык кылмыштар, коомдук тартипти сактоо, жашы жете элек өспүрүмдөр менен иш алып баруу, автоинспекция, күзөт тармактарындагы абал да ойдогудай эместигине мисал менен токтолду. Жыйындын көпчүлүк бөлүгү журналисттер үчүн жабык эшик артында өттү. Атын атабоону өтүнгөн кызматкердин билдиргенине караганда, анда милиционерлер арасындагы кылмышка аралашуу, айрым криминалдык жана экономикалык кылмыштарга милиционерлердин калканч болуу фактылары жөнүндө сөз жүрдү.

XS
SM
MD
LG