НАРЫН. Нарын облустук үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун эндокринолог дарыгери Нуржамал Кулукееванын билдиргенине караганда, жардамды Германиянын балдарга жардам көрсөтүүчү "Киндеркесли" деп аталган фондусу берди. Натыйжада, кан диабети менен ооруйт деп расмий каттоодо турган 17 жашка чейинки 8 бала кандагы канттын өлчөмүн текшерүүчү 8 глюкометр аппаратына ээ болушту. Эми ал балдар дарыгерлерге келбей эле глюкометр аппараты аркылуу кандагы канттын деңгээлин үйлөрүнөн текшерип алышат. Учурда кант диабети менен ооруган 17 жашка 8 баланын экөө Нарын шаарында, экөө Нарын районунда, үчөө Кочкордо жана бирөө Атбашы районунда.