Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 02:40

Милицияны реформалоо Жалалабадда талкууланды


ЖАЛАЛАБАД. Милицияны реформалоого арналган «Тегерек үстөл» жыйынына мамлекеттик жана бейөкмөт уюмдар катышты. Анда берилген баага караганда, ички иштер тармагын реформалоо боюнча Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюму менен кыргыз өкмөтү ортосунда былтыр кол коюлган макулдашууну ишке ашыруу аракети байкалбайт. Милициянын жаңылануусуна идеологиялык жана кадр саясатынын начардыгы менен коомдук көзөмөлдүн жоктугу, трайбализм, коррупция, элдин укуктук жактан билиминин тайкылыгы тоскоол болууда. Талкууда тармакты криминалдык жана муниципалдык кылып экиге бөлүп, борборго жана жергиликтүү калкка баш ийдиргенде гана өзгөрүүсү ыктымал деген сунуштар айтылды. Талкууну облустагы адам укугун коргоочу "Справедливость" уюму уюштурду.

XS
SM
MD
LG