Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:45

Ч.Айтматовдун жүрөгү катуу ооруду


БИШКЕК. Кыргызстандын Бельгия, Люксембург жана Нидерландиядагы элчиси Чынгыз Айтматов Бишкектеги кардиология институтуна жаткырылды. Маалыматка караганда, дарыгерлер ага инфаркт деген диагноз коюшуп, дүйшөмбүдөн бери дарылап жатышат. Элчинин карындашы Роза Айтматовадан бүгүн алынган маалыматка караганда, азыр анын абалы жакшырып калды. Жүрөк оорулары боюнча академик Мирсаид Миррахимов текшерип, бир айдын ичинде жакшы болуп кетээрин билдирген. Кыргыздын белгилүү жазуучусу Чынгыз Айтматов азыр 76 жашта.

XS
SM
MD
LG