Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:11

Көп мамлекеттер пенсия системасын жакшыртууну Ысыккөлдө талкуулап жатышат


БИШКЕК. Бүгүн Ысыккөлдө «Улуттук пенсия системасын реформалоонун актуалдуу проблемалары» деген эл аралык конференция башталды. Аны Кыргызстандын Социалдык фонду менен пенсиялык жана социалдык фонддордун эл аралык ассоциациясы уюштурду. Анын максаты пенсия системасын реформалоо жана өнүктүрүү жолдорун иликтеп, тандоо. Конференцияга пенсиялык жана социалдык фонддордун эл аралык ассоциациясынын президенти Куртин, Дүйнөлүк Банктын Кыргызстандагы туруктуу өкүлү Крис Лавлейс жана алыскы, жакынкы 19 мамлекеттин пенсия системасынын өкүлдөрү катышып жатышат. Ал эми Европа Биримдигинин ТАСИС программасынын алкагында жүргүзүлгөн иликтөөдө Кыргызстандын пенсиялык камсыздандыруу системасы жакынкы жылдарда кризиске учурашы мүмкүн экендиги аныкталган. Буга азыр бир пенсионерге иштеген бир гана адамдын дал келээри негиз берет. Ушундан улам 2013-2014-жылдарда социалдык фонд бир жарым миллиард сомго чейинки каражатка таңсык болушу толук мүмкүн.

XS
SM
MD
LG