Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:30

АКШ аскерий жардамын көбөйттү


БИШКЕК. АКШнын өкмөтү быйыл Кыргызстанга аскерий жардам катары 4 миллион 800 миң доллар берет. Бул өткөн жылга салыштырмалуу 4,4 процентке көп. Мындай малыматты бүгүн АКИ-пресс агенттиги «Вашингтон профайл» агенттигинин билдирүүсүнө таянып таратты. Ал маалыматка караганда, АКШнын Конгресси коопсуздукка колдоо көрсөтүүнү каржылоо боюнча быйылкы каржы жылындагы бюджетти бекитти. Ага ылайык анын көлөмү 6 миллиард 572 миллион доллар болду. Андан тышкары чет өлкөлөргө аскерий жардам берүү программасына 4 миллиард 294 миллион доллар бөлүнсүн деген чечим кабыл алды. Булардан тышкары эл аралык аскерий билим берүү жана даярдыктан өткөрүү үчүн быйылкы жылга 91 миллион 700 миң доллар бөлдү. Ал эми мурдагы совет республикаларынын ичинен жардамды баарынан көп алган өлкө Грузия болду. Ага АКШ 13 миллион 300 миң доллар бөлдү.

XS
SM
MD
LG