БИШКЕК. Кыргызстан менен Казакстандын ортосундагы өкмөттөр аралык комиссиянын суу-энергетика маселеси боюнча иштеген тобу Өзбекстанга жөнөп кетти. Буга сууну пайдалануу боюнча айрым маселелердин Өзбекстандын катышуусуз чечилбей тургандыгы себеп болду. Мындай маалыматты «КАЗинформ» агенттиги таратты. Ал маалыматка караганда, үч тараптын өкүлдөрү Кыргызстандан жиберилген суунун эмне себептен Казакстанга жетпей жаткандыгын иликтеп, ушул жылдын кышында Кыргызстан менен Казакстандын ортосунда кабылданган макулдашуунун толук аткарылышын камсыз кылуу аракетин көрөт. «Казинформ» агенттигинин маалыматына караганда, Казакстан электр энеригиянын ордуна Кыргызстандан ала турган сууну толук албай, сугат маалында суу жетпей жатат. Ал эми сугат маалында суу-энергетикалык ресурстарды пайдалануу боюнча акыркы жылдары Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосунда эч кандай макулдашуу жок.