Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 03:51

КМШдагы 9 мамлекеттин ЕККУга нааразылыгын АКШ колдобойт


БИШКЕК. КМШдагы тогуз мамлекеттин ЕККУнун ишине ыраазы эместигин жарыя кылган билдирүүсүнө АКШ макул эмес. Бул тууралуу АКШнын ЕККУдагы элчиси Жеймс Кокс билдирди. Ал ЕККУга мүчө мамлекеттер кийинки жылдары уюмдун аскерий-саясий багыттагы иштерин кеңейтүүгө зор салым кошкондугун билдирип, ЕККУга мүчө мамлекеттер уюмдун Евроатлантика жана Евроазия чөлкөмүндөгү коопсуздукту камсыз кылуу салымын көңүлдөн чыгарбай тургандыгын жана мындан ары да чыгарбоо зарылдыгын белгиледи. Андан тышкары билдирүү тараткан мамлекеттердин «Адам укуктарын, демократия жана мыйзамдуулукту сактоо боюнча мамлекеттер өз милдеттерин так аткарууга ЕККУнун жер-жерлердеги операциялары менен катчылары жакшы курал болууда» деген билдирүүсү негиздүү экендигин билдирип, ЕККУнун миссиялары менен институттарына натуура баа берилгенине кабатырлангандыкты жарыя кылды. АКШнын Кыргызстандагы элчилиги да Жеймс Кокстун билдирүүсүн толук колдой тургандыгын бүгүн элчиликтин басма сөз кызматы билдирди.

XS
SM
MD
LG