МОСКВА. Россиянын президенти Владимир Путин өлкөнүн тышкы иштер министринин орун басары Андрей Денисовду Россиянын Улуттар уюмундагы өкүлү кылып дайындады. Бул жөнүндө өлкөнүн тышкы иштер министрлигин билдирди. Денисов уюмда 10 жыл кызмат өтөп, март айында өлкөнүн тышкы иштер министри болуп дайындалган Сергей Лавровдун ордун басат. Денисов англис жана кытай тилдеринде сүйлөйт. Ал тышкы иштер министрлигинде 1992-жылдан бери иштеп келаткан.