Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Май, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:38

Мисирде жаңы кабинет ант берди


КАИР. Мисирде бүгүн жаңы кабинет ант берди. Бул президнт Хосни Мубарактын 22 жылдан берки бийлик кылуусундагы жетинчи кабинет. Ант берүү аземинен кийин Мубарак 35 мүчөдөн турган жаңы кабинет менен жыйын өткөрдү. Жаңы өкмөттүн башчылыгына Ахмед Назиеф дайфындалды жана анда кошумча жаңы мекеме,-инвестиция министрлиги түзүлдү. Назиев өлкөнүн мурдагы коммуникация жана технология министри. Жаңы премьер өлкөдө расмий маалыматтар боюнча 10 процентке жеткен жумушсуздукту ооздуктоого жана Мисирдин проблемаларын "адаттын тыш жолдор" менен жөнгө салууга убада берди. Кабинетке мурдагы өкмөттүн курамында болбогон 10 жаңы министр кирди.

XS
SM
MD
LG