МОСКВА. Түштүк Осетиядагы ахвал шыкакталган бойдон кала берүүдө. Азаттыктын кабарчысы билдиргиндей, бүгүн ал аймакта ок атышуулар кайрадан тутанды. Андан жабыркагандар жөнүндө кабарланбайт. Ал эми анын аралыгында, Москвада грузин- осетин жаңжалын жөнгө салуу боюнча биргелешкен комиссиянын талкуусу уланууда. Комиссияга Россиянын, Грузиянын, Түштүк жана Түндүк Осетиянын өкүлдөрү кирет.