Иордания менен Ирактын финансы министрлери жолугушуп, мунайзат боюнча алаканы талкуулашты. Ирак согушу башталгандан кийин Иордания Ирактын мунайзатын албай калган. Учурда Иордания Сауд Арабиядан жана Кувейттен мунайзат ташыйт. Иорданиянын өкмөт мүчөсү Мухаммад Абу Хаммор Ирактан мунайзат алууну кайра жандандырууну көздөөдө. Бул жолугушуунун соңунда кандай чечим кабыл алынганы азырынча белгисиз.