Франциянын президенти Жак Ширак эмдиги жылы өлкөдө референдум болоорун билдирди. Мамлекет башчынын айтымында, Евробиримдиктин Конституциясын парламент эмес эл жактырышы керек. Жалпы элдик референдумда француздар бул Конституцияны же четке кагат же кабыл алат. Брюсселде июнь айында кабыл алынган Евробиримдиктин Конституциясы 25 өлкөдө кабыл алынышы керек.