Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Май, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 22:54

Британияда атайын комиссия Ирак боюнча күмөн саноосун билдирди


Улуу Британияда атайын түзүлгөн комиссия Иракка кол салар алдындагы чалгын иштеринде кемчиликтер болгонун айтып чыкты. Комиссиянын кечээки докладына караганда Ирактагы согуштун башкы себеби болгон массалык кыргын салчу курал жөнүндөгү маалыматка олуттуу далил табылган жок. Атайын комиссиянын башчысы Фредерик Батлер мындай деп билдирди:

- Биз Ирак эч кандай массалык кыргын салчу химиялык же биологиялык куралга ээ болгон эмес деген жыйынтыкка келдик. Мындай курал тууралуу пландары да жок болгон, - дейт Батлер мырза.

Улуу Британиянын өкмөт башчысы Тони Блэр атайын кызматтар үчүн жоопкерчиликти өзүнө алып мындай деди:

- Бул докладда айтылган айрым катачылыктар үчүн мен жоопкерчиликти алам. Бирок, Саддам режиминин кулашын катачылык деп эсептебейм, - деди Тони Блэр.

Ал эми атайын комиссия британиялык өкмөт чалгын кызматтардан алган маалыматтарды бурмалабастан пайдаланганын кошумчалады.

XS
SM
MD
LG