Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 23:40

Иракта губернатор өлтүрүлдү


Иракта Мосул шаарынын губернатору жана жанындагы эки жансактагычы өлтүрүлдү. Багдадга бараткан жолдон согушчан анын машинасына жардыргыч заттарды ыргытып, андан кийин ок жаадырышкан. Ушул эле күнү болгон жардырууда Багдадда 11 киши набыт болуп, 40ка жакыны жарадар болду. Премьер-министр Айад Аллавинини айтымында, согушчандар өкмөттүн терроризмге каршы аракеттерине жооп кылууда. Болгария парламенти бүгүн Иракта куралдуу күчтөрүнүн мөөнөтүн узартуу чечимин кабыл алды. Согушчандардын колунда барымтадагы бир болгариялык атуул өлтүрүлгөн. Эгер туткундар бошотулбаса экинчисинин да өмүрү кыйыларын эскертишүүдө. Ал эми филиппин бийлиги барымтадагы атуулун бошотуш үчүн Ирактагы аскерлерин мөөнөтүнөн бир ай мурда чыгарып кетүү чечимин кабыл алды. Ирактагы саудиялык транспорт компаниясы да египеттик өз кызматкеринини өмүрүн сактап калыш үчүн Ирактан чыгып кетүү ниетин билдирди.

XS
SM
MD
LG