ТАЛАС. АКШнын "Тынчтык корпусунун» Кыргыз Республикасындагы директору Джозеф Кёртин мырза баштаган жумушчу топ алгач эки күн бою Талас облусунун аймагын кыдырышып, волонтерлордун жардамы менен бүткөрүлүп жаткан иштерди көрүшүп, келечекте кызматташуу мүмкүнчүлүгү бар тармактарды иликтеп келишти. Ал эми маалымат жыйынына облус губернатору Искендер Айдаралиев, ошондой эле билим берүү, саламаттык сактоо, бизнес чөйрөсүнүн, өкмөттүк эмес тармактын өкүлдөрү катышышты. "Тынчтык корпусу» Кыргызстанда туруктуу экономикалык өнүгүү жана англис тилин тереңдетип окутуп үйрөтүүнү ишке ашырып жаткандыгы айтылды. 1993-жылдан бери 420 волонтер бул ишке салым кошуп кетишти. Быйыл 108, мунун ичинде Таласта 19 волонтер иштеп жатат. Жыйында облус губернатору волонтерлордун салымына ыраазычылык билдирди жана алардын санын көбөйтүү өтүнүчүн айтты.
«Тынчтык корпусунун» Кыргызстандагы ишмердүүлүгүнө байланыштуу маалымат жыйыны Талас шаарында өттү