Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Февраль, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 18:38

Кыргыз өкмөтү сындалдыбы?


БИШКЕК. 13-июлда Брюсселде болгон Европа Биримдиги менен кыргыз өкмөтүнүн кызматташуусу боюнча кеңештин алтынчы отурумунда кырыз бийлигинин дарегине бир катар сын айтылды. Бул тууралуу Адам укугун коргоо кыргыз комитетинин төрагасы Рамазан Дырылдаев Венадан бүгүн билдирди. Анын айтымында, европалыктар оппозициялык маанайдагы депутаттардын иш бөлмөлөрүнө тыңшоочу аппараттардын орнотулушу, аларды жана өкмөттүк эмес уюмдардын өкүлдөрүн аңдуу фактылары боюнча сын айтышып, келечектеги шайлоону мыйзам чегинде өткөрүү зарылдыгын белгилешкен. Ал эми тышкы иштер министрлигинин тараткан маалыматы боюнча, биримдик менен кыргыз өкмөтүнүн кеңешинин жыйынында эки тараптуу кызматташуу менен катар, регионалдык коопсуздук маселеси талкууланган.

XS
SM
MD
LG