Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Апрель, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 07:58

Казакстан күйүүчү майды сатууга чек койбойт


БИШКЕК. Казакстан жайкы мезгилде Кыргызстанга күйүүчү май менен буудайды сатууга чек койбойт. Бул тууралу кечээ Кыргызстандын Евразия экономикалык кызматташтык уюмундагы вице-премьер министр даражасындагы өкүлү Базарбай Мамбетов билдирди. Анын айтымында, мындай чечим кыргыз-казак өкмөттөр аралык комиссиянын Бишкекте өткөн алтынчы отурумунун протоколуна киргизилди. Ага ылайык казак өкмөтүнүн жайкы мезгилде күйүүчү, майлоочу май менен буудайды сатууга койчу чегинин Кыргызстанга тиешеси болбойт. Андан тышкары Талас облусунун дыйкандарынын азык-түлүк товарларын Таразда, Ысыккөл облусунукун Алматыда сатууда кошумча нарк салыгынан алынчу жыйымдардын көлөмүн Кыргызстандын ичиндегидей эле өлчөмдө алууга казак тарап макул болду.

XS
SM
MD
LG