Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 08:54

Ч.Айтматовдун абалы оңолуп калды


БИШКЕК. Ушул жума башында жүрөгү катуу ооруп, инфаркт болгон жазуучу Чынгыз Айтматовдун абалы жакшы болуп калды. Бул тууралуу бүгүн Чынгыз Айтматов дарыланып жаткан кардиология институнун директорунун орун басары Айнагүл Жумагулова билдирди. Анын айтымында, Айтматов реанимация бөлүмүнөн инфаркт менен ооруган адамдарды кайра калыбына келтирүү бөлүмүнө которулду. Жазуучуну мындан ары кантип, кандайча дарылоо керектигин жергиликтүү жана Орусиядан чакыртылган эки дарыгер врачтык кеңеш куруп, талкуулап жатышат. Эгер оорулууну башка жакка алып барып дарылоо зыяндуу болбосо Орусияга же Европанын бир шаарына алып барып дарылоо чечими кабылданат. Ал эми дарыгерлер Чынгыз Айтматовго басууга жана көп сүйлөөгө уруксаат беришкен жери жок. 75 жаштагы жазуучу Чынгыз Айтматов Кыргызстандын Бельгия, Люксембург жана Нидерландиядагы элчиси.

XS
SM
MD
LG