Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Март, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:07

БУУ Ооганстандын аскерлери өткөн түнү тоолуу аймакта эки согушкерди атып өлтүргөнүн кабарлады


Анын алдында ошол жердеги шайлоо участкасын куралчан адамдар тинтип кетишкен. Улуттар уюмунун басма сөз өкүлү Дэвид Сингх Хор провинциясынын борборуна кире бериштеги күзөт жайында ысымы тактала элек эки согушкер өлтүрүлгөнүн билдирди. Алардын өлтүрүлгөнүнө нааразы болуп чогулган эл текшерип-өткөрүү жайында чыр-чатак чыгарып, ал аймакта иштеген 17 чет элдик кызматкер тикучма менен башка шаарга көчүрүлдү. Жергиликтүү талаа командирлеринин ээнбаштыгынан чочулап, жакында ооган президенти шайлоо жараянына көз сала турган 200дөй аскерди аталган провинцияга жөнөткөн болчу.

XS
SM
MD
LG