Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:18

Тажикстандын борбору Дүйшөмбү шаарында калктын жарымынан көбү таза суусуз калышты


Бийлик өкүлдөрү ушул аптада тынбай жааган катуу жамгырдын кесепетинен башкалааны суу менен камсыздачу Варзоб дарыясы катуу киргилттенип кеткенин айтып жатышат. Нөшөрлөп куйган жаандын кесепетинен майда көчкүлөр жана суу ташкындары айрым жерлерде жолдорду бузуп, бир нече миңдей адам эч жакка өтө албай ара жолдо калганы кабарланууда. Ошондой эле бүгүн Тажикстандын президенти Э.Рахмонов оппозициячыл партиялар кол койбоого үндөгөн жаңы Шайлоо кодексин бекитти. АКШнын Тажикстандагы элчилиги бул документ шайлоо комиссияларынын көз карандысыздыгын камсыздай албайт жана башка да демократиялык нормаларга жооп бербейт деген пикирде.

XS
SM
MD
LG