Бул тууралуу "Ассошиэйтед пресс" агенттигине айыпкерлердин адвокаты Хасан Эралиев кабарлады. Сотко тартылган 10 шектүү адам быйыл апрель айында Ташкенде жана Бухарада болгон чабуулдардан кийин камакка алынган. Аларга Өзбекстанда "мамлекеттик төңкөрүш жасоого аракеттенген, тыюу салынган диний уюмга кирген, мыйзамсыз курал алып жүргөн" деген кинелер тагылган. Сотто бардык 10 айыпталуучу күнөөсүн мойнуна алуудан баш тартышты.
Өзбекстанда прокурор радикал ислам умунун мүчөсү деп шектелген 10 кишини 16-17 жылга эркинен ажыратууну талап кылышты