Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:31

“Ал-Жазира” телеканалы Иракта барымтада отурган филиппинди көргөздү


Тасмада филиппиндик жигитти барымтада кармап отурган согушчандар ушул айдын аягына дейре бардык филиппин аскерлери өлкөдөн чыгарылса, туткунду бошоторун эскертишкен. Андан тышкары барымтадагы филиппин өз өкмөтүнө Ирактагы аскерлерди алып кете баштаганы үчүн ыраазычылык билдирген. Бүгүн Ирактын премьер-министри Ияд Аллави өлкөдөгү козголоңчуларга каршы күрөшө турган жаңы коопсуздук кызматы түзүлгөнүн жарыялады. Анын алдында эле Ирактын батыш тарабындагы Хадиса шаарында машинедеги бомба жарылып, 10 киши өлүп, 30дай адам жараат алды. Кербала калаасынын чет жагында дагы бир машине жарылып, андагы эки киши набыт болгону кабарланды. Ал тапта Багдаддын борборунда миңдеген ирактыктар чогулуп, Сауд Арапстан, Америка, Саддам Хусейнге каршы ураандарды чакырышты.

XS
SM
MD
LG