Соттун чечимине ылайык, "Ассанди-таймс" өз беттеринде казак бийлигине жалаа жапканын моюнга алган билдирүү жарыялап, президент Н.Назарбаевдин кеңсесине 365 миң долларлык айыппул төлөп бериши керек. Өткөн айда "Ассанди таймстын" жасалма саны жарык көрүп, анда оппозиция жетекчилери отставкага кеткени жатканы маалымдалган. Гезиттин редакциясы аны казак бийлиги атайлап уюштурду деп айыптаган. Буга чейин "Ассанди таймстын" имаратына өрт коюлуп, кабарчылары ар кандай чабуулдарга туш болуп келишкен. Эмки сотту да казакстандык айрым серепчилер менен журналисттер – сентябрда өтө турган парламенттик шайлоо алдында – эркин гезиттин оозун басуу аракети катары баалап жатышат.