Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:06

Комиссия бийликтерди күч колдонбоого чакырды


Грузин-осетин чатагын чечүү боюнча атайын комиссиянын эки күндүк кеңешмеси соңуна чыкты. Анда кабыл алынган жыйынтыктоочу протокол Грузия менен Түштүк Осетиянын бийликтерин аймакта күч колдонууну токтотууга чакырды. Орусиянын Тышкы иштер министринин орун басары Валерий Лошининдин айтымында, сүйлөшүүлөр ийгиликтүү болду. Комиссияга Грузия менен Түштүк Осетиянын өкүлдөрү тең төрагалык кылышты. Тараптар куралдуу кагылышууну токтотуп, аймакка гуманитардык жүктөрдү тоскоолсуз өткөрүп туруу чечимин кабыл алышты. Комиссиянын эмки кеңешмесин Тбилисиде өтмөк болду.

XS
SM
MD
LG