Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Апрель, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 20:03

Таласта сапаттуу медициналык жардам берүүнү уюштуруу иши талкууланды


ТАЛАС. Семинарды Борбор Азия өлкөлөрүндө сапаттуу медициналык жардам алууну камсыз кылуу максатын көздөп иштеп келаткан эл аралык “АБТСоц инк” уюму уюштурду. Ага жамааттык уюмдардын лидерлери, ден соолук борборлорунун, үй-бүлөлүк дарыгерлер топторунун адистери, социалдык чөйрөнүн кызматкерлери катышты. Семинардын катышуучуларына калкты медициналык жактан тейлөөдө өз ара мамиле түзүүнүн азыркы ыкмалары менен мүмкүнчүлүктөрү үйрөтүлдү. Ага ЮСАИД каржылап, Борбор Азия өлкөлөрүндө иш жүргүзүп жаткан “Здрав плюс” жана 5 жылдан бери ишке ашырылып келген “Здрав реформа” деп аталган программалардын тажрыйбалары колдонулду. Бул программалар Жетиөгүз, Базаркоргон, Жайыл райондорунда, Каракол шаарында сынак иретинде жүргүзүлүп,үзүр берген. Эми Кыргызстандын баардык аймактарын камтыган бул программа медициналык кызмат көрсөтүүнүн сапатын жана натыйжалуулугун жакшыртууга көмөк берет деген ишеним пайда болду.

XS
SM
MD
LG