Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Март, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 04:02

Ноокаттыктар таза суу менен камсыз кылуу боюнча иштеген фирмага нааразы


ОШ. 16-июлда Ноокат районунун Кулатов, Көкжар, Онэкибел айыл өкмөттөрүнүн жергиликтүү жамааттарынын өкүлдөрү катышкан чогулушта аймакта таза суу берүү системасын куруп жаткан “Пластполимер” өндүрүштүк коммерциялык фирмасынын аткарган иштери катуу сынга алынды. Жергиликтүү жамааттар кеңешинин өкүлү Тимур Камчыбеков аталган фирма суу түтүктөрүн киргизүү инженердик эрежелерди бузуу менен ишке ашырылып жаткандыгын билдирди. Эски суу түтүктөрү коюлуп, алар көп жерлеринен ширетилип жамаачылангандыктан биринчи эле коё берилген суунун басымына туруштук бере алган эмес. Түтүктөр долбоордо каралган эреже боюнча бир жарым метр тереңдикте көмүлгөн эмес жана тиешелүү коопсуздук чаралары сакталбаган. Чогулуштун мына ушундай жыйынтыкка келген катышуучулары “Пластполимер” фирмасынын ишин начар деп баалап, долбоорду кайра кароо боюнча өкмөттүк комиссия түзүүнү суроо чечимине келишти. Долбоор Айыл суу чарба министрлигинин чечими жана Азия өнүктүрүү банкынын каржылоосу менен ишке ашырылып жаткан.

XS
SM
MD
LG