Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:55

Үй-бүлөдөгү зордук-зомбулукка каршы күрөшүүгө арналган жыйын болду


НАРЫН. Нарын шаарындагы Сагынбай Орозбаков атындагы китепканада “Гендердик теңчиликтин экономикалык, саясий, маданий турмушка тийгизген таасири” аттуу тегерек үстөл жыйыны болду. Ага Нарын шаарынын коомчулугу, журналисттер, бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү катышты. Тегерек үстөлдү Бишкектеги “Сезим” кризистик борборунун директору Бүбүсара Ырыскулова жана журналист Сүйүн Курманова өткөрдү. Анда үй-бүлөлүк зордук-зомбулук, кыз ала качуу жөнүндө сөз болуп, аталган проблеманы чечүү үчүн кыз-келиндердин укуктук маданиятын көтөрүү керек деген пикирлер айтылды. Тегерек үстөлгө катышкан облустук соттун төрагасынын орун басары Алтын Акматованын айтымында, Нарындагы төртүнчү СИЗОдо кармалып жаткан төрт аялдын үчөө үй-бүлөдөгү зордук-зомбулукка чыдабай күйөөсүн өлтүргөн. Ал эми республика боюнча аялдардын 99 пайызы кыз ала качуудан жабыр тарткандар. Жыйын эл аралык “Интерньюс” уюмунун колдоосу менен уюштурулду.

XS
SM
MD
LG