БИШКЕК. Кыргызстандын Айыл чарба министрлиги «Ветеринария» жөнүндөгү мыйзам долбоорун иштеп чыгууда «Техникалык жөнгө салуу» мыйзамын жана президенттин ишкерлик менен инвестициянын келишине тоскоол болчу нормативдик актыларды чыгарбоо жөнүндөгү талабын бузду. Мындай маалымат «Техникалык жөнгө салуу», «Лицензиялоо» жөнүндөгү мыйзамга өзгөртүүлөрдү даярдоо боюнча эксперттик топтун өкүлү Нуритдин Жаманкуловдон алынды. Анын билдирүүсү боюнча, «Ветеринария» жөнүндөгү мыйзамда ветеринардык тармакта колдонулуучу эрежелердин баарын ветеринардык мамлекеттик башкы инспектор гана өзү чыгара алат деп жазылган. Бул «Экономиканы кайра жөнгө салуу» концепциясына да карама-каршы келип, ишкерлик менен чет элдик инвестициянын келишине тоскоол болот. Эксперттик топ мындан тышкары өкмөттүн санитардык-эпидемилогиялык көзөмөл жүргүзүү, чет өлкөлүк мекемелердин катышуусу менен жүргүзүлүп жаткан курулуштарга архитектуралык-курулуш жагынан көзөмөлдүк кылуу, риэлтердик компанияларды лицензиялоо жөнүндөгү токтомдору да президент жарыялаган мораторийге карама-каршы деген бүтүмгө келген.