Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:22

АКШ администрациясынын өкүлү Казакстандын бийликтери менен жолугушту


Алматы. АКШнын мамлекеттик катчысынын жардамчысы Элизабет Жонс бүгүн казак өкмөтүнө өлкөдө сентябрьда боло турган парламенттик шайлоо тунук жана акыйкат өтүшүнө кепилдик берүүнү өтүнүп кайрылды. Алматыда иш-сапары менен болгон Элизабет Жонс Казакстанда парламенттик шайлоонун ачык жана эркин өтүшү эл аралык коомчулук үчүн өтө маанилүү экендигин белгиледи. Жонс ошондой эле Алматыда казак бийлик өкүлдөрү менен коңшу Өзбекстандагы кырдаал боюнча да пикир алмашты. Жакында эле АКШ Өзбекстандагы саясий реформалардын жүргүзүлбөй жатканын сынга алып, Ташкенге жиберилчү 18 млн доллардык жардамды токтотуп койгон. Алматыдагы жолугушуусунда Элизабет Жонс адам укуктары жаатында Казакстан менен баарлашуу улантылаарын айтты:

- Казакстандын жана башка өлкөлөрдүн өкмөттөрү менен өлкөдөгү басма сөз эркиндиги, демократиялык жараяндар, экономикалык реформалар, адам укуктарынын абалы жөнүндө пикир алмашууну талап кылчу ар түркүн мыйзамдар бар.

АКШнын мамлекеттик катчысынын жардамчысы ошондой эле Казакстандын бийлик өкүлдөрү менен учурда камакта отурган оппозиячыл лидер Галымжан Жакыяновду бошотуу маселесин да талкуулады. Жакыяновдун тарапкерлери ал саясий себептер менен камалган деген пикирде.

XS
SM
MD
LG