Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:07

АКШ администрациясы “Ал-Жазира” телеканалын сынга алды


Вашингтон. АКШнын мамлекеттик катчысы Колин Пауэлл Катардагы “Ал-Жазира” телеканалынын ишмердүүлүгүн сынга алды. Пауэлл “Ал-Жазира” сыналгысынын террорчу топтордун ар кандай билдирүүлөрү жана коркутуп-үркүтүүлөрү тартылган видеотасмаларын көрсөткөндүгүн террорчулар менен кызматташуу катары мүнөздөдү. Ошону менен бирге мамлекеттик катчы АКШ тигил же бул маалымат каражаттарынын ишин көзөмөлдөөгө умтулбайт деп билдирди:

- Биз маалымат каражаттарына кысым көрсөткүбүз келбейт. Биз маалымат каражаттарын башкарууга умтулбайбыз.

Ал ошондой эле, Ирактын премьер-министри Айад Алави “Ал-Жазира” сыналгы жетекчилигине бир нече ирет алардын ишин сындап кайрылгандыгы жөнүндө да маалымдады. Ал эми “Ал-Жазиранын” жетекчилиги болсо, телеканал террорчуларга кызмат кылбаган, согуштун чыныгы жүзүн көрсөтүп жатат деген көз карашын айткан.

XS
SM
MD
LG