БИШКЕК. Бүгүнкү сапары учурунда Ричард Армитидж Бишкектеги маалымат каражаттарын колдоо борборунда болуп, ал жерде «Фридом Хаус», Эл аралык республикалык институт, Улуттук демократиялык институт жана шайлоо системасы боюнча Эл аралык фонддун өкүлдөрү менен жолугушту. Анда Армитидж бул эл аралык уюмдардын Кыргызстанда жарандык коомду өнүктүрүү жана демократиялык реформаларды тездетүү багытында жасап жаткан иштерин колдоого алаарын билдирген. Бул тууралуу АКШнын Кыргызстандагы элчилигинен кабарлашты.