Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Март, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 04:05

АКШнын делегациясы Бишкекте


БИШКЕК. Бүгүн президент Аскар Акаев АКШнын мамлекеттик катчысынын орун басары Ричард Армитидж баштаган делегация менен жолугушту. Анда Кыргызстан менен Американын кызматташуусундагы бардык маселелерди жана региондогу абалды талкууга алышты. Жолугушуудан кийинки пресс-конференцияда Ричард Армитидждин билдиргенине караганда, АКШ Кыргызстандын коопсуздугу, экономикалык жана башка тармактардагы өнүгүүсү үчүн колдоо көрсөтүүгө даяр жана кыргыз бийлигинин АКШнын эл аралык терроризмге каршы күрөшүн колдогондугуна ыраазы. Андан тышкары жолугушууда Кыргызстанда эмдиги боло турган президенттик шайлоодо бийликти демократиялык жол менен алмаштыруу маселеси талкууланды. Ал эми Аскар Акаев кыргыз бийлиги АКШнын Ооганстанды калыбына келтирүү аракетин колдой тургандыгын жана Ооганстанды калыбына келтирмейин региондо бейкуттук орнойт деген ойдун болушу мүмкүн эмес экендигин билдирди.

XS
SM
MD
LG