ТЕГЕРАН. Канадалык журналист аял Захра Каземини өлтүргөн деп күнөөлөнгөн ирандык чалгынчынын соту улантылды. Иран өкмөтү сотко канадалык байкоочуларды катыштырбай койгонуна наарызычылык билдирген Канада өзүнүн Тегерандагы элчисин чакырып алды. Маркум журнилист Каземинин үй бүлөөсүнүн кызыкчылыктарын Нобель тынчтык сыйлыгынын лауреаты юрист Ширин Эбади коргоп жатат. Каземи мындан бир жыл мурда Тегеран түрмөсүнүн айланасын сүрөткө түшүрүп жүргөн жерден кармалып, тыңчылык кылды, деп күнөөлөнгөн.