БИШКЕК. АКШнын тышкы иштер министринин орун басары Ричард Армидэж Бишкекте өлкөнүн жетекчилиги менен сүйлөшүүлөрдү өткөрүүдө. Анда эки өлкөнүн коопсуздук, саясат экономика, билим берүү жана маданият тармагындагы кызматташуусу талкууланып жатат. Ричард Армитэж сүйлөшүүдө Кыргызстанды демократташтыруу маселеси козголо турганын айтты.
- Президент жана өкмөт мүчөлөрү менен Кыргызстанда жарандык коомдун өнүгүүсүнө байланышкан суроолорду, бийлик алмашуунун демократиялык жол менен өтүү мүмкүнчүлүктөрүн талкуулайбыз. Кыргызстандын демократиялык өнүгүүсү регион өлкөлөрү үчүн мисал болуп бере алаар эле, - деди Армитэж.
Ал эми президент Аскар Акаев келерки шайлоо өлкөнүн конституциясына ылайык жүргүзүлөөрүн, жана баш мыйзамга оңдоо киргизүүгө ниети жок экенин билдирди:
- Биз келерки шайлоону Конституцияга ылайык жүргүзөбүз, жана ага өзгөртүүлөр киргизилбейт, - деп айтты Акаев.
Ооганстандагы аскердик операцияларды жүргүзүү үчүн Америкалык аскерлер Кыргызстандагы жана Өзбекстандагы аскердик базаларын пайдаланат.