Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:10

19-июлдагы аба ырайы тууралуу маалымат


БИШКЕК. Аба ырайын маалымдоо борборунун кабарлоосуна караганда, 19-июлда Кыргызстандын айрым аймактарында түнкүсүн жамгыр жаайт, күндүз жаан-чачын күтүлбөйт. Түндүк-батыш тараптан ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жеткен жел жүрөт. Ысыккөл акваториясында шамалдын ылдамдыгы түнкүсүн 15-20 метрге, ал эми күндүз 10-14 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:
ЧҮЙ өрөөнүндө түнкүсүн +10…+15, күндүз +23…+28 градус.
ТАЛАСТА түнкүсүн +8…+13, күндүз +21…+26.
БАТКЕН, ОШ, ЖАЛАЛАБАД дубандарында түнкүсүн +11…+16, күндүз +25…+30 градус ысык болот.
ЫСЫККӨЛ облусунда түнкүсүн +7…+12, күндүз +16…+21 градус.
НАРЫН аймагында түнкүсүн +5…+10, күндүз +17…+22 градус жылуу.
Борборубуз БИШКЕКТЕ сейрек булут каптап турат. Абанын температурасы түнкүсүн +12…+14, күндүз +25…+27 градус.
Күндүн узактыгы 14 саат 54 мүнөт.

Кабарларды Бүбүкан Досалиева даярдады.

Редактор Кубат Оторбаев.

XS
SM
MD
LG