Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Июнь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 10:58

Турагы жок тургундар пикетке чыгышат


БИШКЕК. Ушул жылдын жазында Бишкектеги эт комбинатынын жатаканасынан куулган атуулдар эртең Бишкек мэриясы жайгашкан имарат алдына пикетке чыгышат. Бул тууралуу бүгүн Кыргызстандын укук коргоо кыймылынын төрагасы Турсунбек Акун билдирди. Анын маалыматына караганда, буга жатаканадан куулган атуулдарга турак-жай салууга жердин бериле электиги башкы себеп болду.

Бишкек эт комбинатынын бош турган жатаканасын ээлеп алган жүздөн ашуун үй-бүлө соттун чечиминин негизинде март айында ал жерден чыгарылган. Бишкектин Ленин райондук акимчилиги менен комбинаттын жетекчилиги документтеринин негизинде аларга үй салуу үчүн жер бөлүп берилээрин май айында билдирген.

XS
SM
MD
LG