БИШКЕК. Кыргызстандагы бир катар бейөкмөт уюмдар Карабалта тоо-кен комбинаты менен Германиянын «Рве Ньюкем ГмбХЭ» компаниясынын ортосунда кол коюлган макулдашууга каршылык билдирген кайрылууну өлкө президентине, Жогорку Кеңештин кош палатасына жана премьер-министрге жолдоду. Мындай маалыматты ишемби күнү «Кабар» агенттиги таратты. Бейөкмөт уюмдар Германиядагы уран иштетүүчү компаниянын идиштерин Карабалта тоо-кен комбинаты кайрадан иштете баштайт деген маалыматты кооптонуу менен кабыл алышып, коомчулук менен кеңешпей туруп макулдашууга кол коюу Орхусс конвенциясынын талаптарын бузуу экендигин эскертишкен.
Ушундан улам Германия менен түзүлгөн макулдашуунун мазмуну менен элди тааныштырып, аны Кыргызстандын экологиясына зыян алып келээр же келбесин эл аралык эксперттерди тартуу менен иликтеп чыгууну талап кылышты. Ал эми бул талаш боюнча өкмөт түзгөн эксперттик комиссиянын мүчөсү депутат Валери Диль макулдашуу экологиялык жактан зыянсыз, экономикалык жактан пайдалуу экендигин өткөн жумада билдирген болчу.