БИШКЕК. Кыргызстандын айрым аймактарындагы нөшөрлөгөн жамгыр төгүп, ал басылбай жаткандыктан өзөндөгү суулар көбөйүп, айрым аймактарды суу алды. Экология жана күтүүсүз кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы тараткан маалыматка караганда, Чүй облусундагы Ала-Арча суусу ташып, жээк боюндагы дачадагы бир канча үйдү бузуп кетти. Азыр суунун эки жээгин бойлогон 300 метрге жакын жер кум салынган 1200 мүшөк менен тосулду. Андан тышкары Аламүдүн, Шамси, Кегети суу жээктерин бекемдөө иштери жүрүп жатат. Баткен облусунун Кызылкыя шаарындагы көпүрөлөрдү суу алып кеткендиктен, азыр Аравансай суусунун жээги бекемделүүдө. Нарын облусунун Атбашы суусунун жээгине 1300 миң кубометр таш төгүлдү. Суу каптаган жерлерде адамдын өмүрүнө коркунуч келген окуялар болгон жок.